• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Өзбекстан Google, Яндекс, Alibaba, Netflix компанияларына салык киргизүүгө ниеттенүүдө

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 04.09.19. /Кабар/. Өзбекстандын жаңы Салык кодексинин долбоорунда интернет-кызмат көрсөткөн технологиялык компаниялага салык киргизүү каралууда.

Мыйзам долбоорунда жарнама жайгаштыруу, издөө системаларына кирүү, статистика, онлайн-соода жүргүзүүдө физикалык жактарга кызмат көрсөткөн компанияларга салык киргизүү каралган.

Өзбекстандын интернет-сегментинде мындай кызматтарды Google, Яндекс, Alibaba, Netflix компаниялары көрсөтөт.

Салык кодексинин жаңы долбоору боюнча 2020-жылдын 1-январынан тарта бул компаниялар салык органдарына каттоого туруп, салык төлөөчүнүн жеке кабинети аркылуу отчет тапшырып, кошумча нарк салыгын төлөшү керек. Бул компаниялар Өзбекстан аймагында электрондук формада кызмат көрсөтүүдөн тапкан кирешелери үчүн 20% ченемде салык төгүүгө милдеттүү болот.

2017-жылы Орусия чет өлкөлүк интернет-компаниялар үчүн салык киргизген. Google менен Apple сыяктуу компаниялар Орусияда 18% кошумча нарк салыгын төлөшөт. Казакстан, Кыргызстан жана Тажикстан дагы интернет-компанияларга салык киргизүүгө ниеттенип жатканын кабарлашкан.

Пикир

Оставить комментарий