• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Өзбекстан ИИМинде ондогон жооптуу кызматкер жумуштан бошотулду

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 23.11.19. /Кабар/. Өзбекстандын президенти Шавката Мирзиёевдин буйругу менен Ички иштер министрлигинин ондогон жооптуу кызматкери кызматтан алынды. Алардын арасында Кайгуул-күзөт жана коомдук тартипти сактоо кызматынын жетекчиси, Аскердик кароолдун башчысы да бар.

Сentralasian кызматы кабарлагандай, кызматтан алуу жараяны – өзбек түрмөлөрүндөгү жана абактарындагы кыйноо, киши өлтүрүү, айрым кишилерди ири акчага бошотуп жиберүү жөнүндөгү маалыматтардан кийин башталды.

ИИМдин тергөө абагынын 9 кызматкери 2000 долларга күн сайын соттолуучуларга милиция формасын кийгизип, үйлөрүнө жеткирип турган. Алардын арасында президент тарабынан куугунтукталган мурдагы аткаминерлер да болгон. Бул тазалоого негиз болду, – деди өз булактардын бири.

Өзбекстан ИИМинин кызматкеринин бири жумуштан бошотулгандарга карата “Кызматтык шалаакылык” беренеси боюнча тергөө амалдары башталганын билдирди.

Пикир

Оставить комментарий