• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Өзбекстан Интернетке туташуудагы мамлекеттик монополияны жоёт

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 25.09.18. /Кабар/. Өзбекстан президенти Шавкат Мирзиёевдин жарлыгы менен 2020-жылдын 1-январына чейин эл аралык коммуникациялык түйүндөргө түз кошулуу либералдаштырылат.

22-сентябрда жарыяланган президенттик жарлык – 2019-2012-жылдарга карата Өзбекстандын инновациялык өнүгүү стратегиясын ишкер ашыруу боюнча “Жол картасынын” бир бөлүгү болуп эсептелет.

Учурда Өзбекстан интернет-провайдерлери "Узбектелекомом" сунушаган ички интернет-каналдар менен иштешет. Бул системада сайттар электен өтүп, цензурага кабылып турат.

Эл аралык телекоммуникациялык түйүндөргө кошулууну либералдаштыруу менен Интернет баасынын арзандашы да күтүлүүдө.

Документте 2021-жылга чейин Өзбекстан маалымат-коммуникациялык технология тармагындагы кызматтардын үлүшүн 4% чейин көбөйтүүнү пландап жатканы белгиленет.

Пикир

Оставить комментарий