• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Өзбекстан көп аял алууга каршы күрөштү күчөтүүдө

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 12-июль /Кабар/. Өзбекстан бийлиги көп аял алууга каршы күрөштү күчөтүп, аялдарды мыйзамсыз турмушка чыгуу учурларынан коргоого аракет кылууда. Бул тууралуу жергиликтүү ММКлар жазышты.

Мыйзам чыгаруучулар учурда көп аялдуулукка жардам кылып, жашыруун түрдө нике кыйып жаткан имамдарды кылмыш жоопкерчилигине тартууга мүмкүндүк бере турган мыйзам долбоорунун үстүнөн иштеп жатышат.

«Айрым бай адамдардын бир нече аялы бар, – дейт Ташкенттин Алмазар районундагы аялдар комитетинин өкүлү Нодира Азизова. – [Мыйзамсыз экенине карабастан] кээ бир учурлар расмий катталган, башкалары болсо имамдар жашыруун түрдө кыйган никелер менен бекемделген».

Өзбекстандын мыйзамдарында көп аялдуулук үчүн үч жылга чейин эркинен ажыратуу жана 50дөн 150гө чейинки минималдык эмгек акы өлчөмүндө айыппул төлөтүү жазасы каралган. Ошол эле маалда мындай учурларга кабылган аялдар жазаланбайт.

Анткен менен учурдагы мыйзамда көп аялдуулукка көмөктөшүп, нике кыйып жаткан имамдар тууралуу эч нерсе айтылган эмес. Мурдараак өлкө президенти Шавкат Мирзиёев жаңы мыйзам долбооруна ылайык, эгер дин кызматкерлери мамлекеттик күбөлүксүз нике кыйса, анда алар кылмыш жоопкерчилигине тартыла тургандыгын айткан.

Булагы: CENTRAL ASIAN

Пикир

Оставить комментарий