• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Өзбекстан: Карантин чаралары күчөтүлүшү ыктымал

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 25.05.20. /Кабар/. Өзбекстандын башкы мамлекеттик санитардык инспектору Нурмат Отабеков эгер эрежелер сакталбаса, карантин чаралары күчөтүлүп, өзбекстандыктар кайрадан үйдөн чыкпай калышы ыктымал экенин эскертти.

«Өзбекстанда карантиндик иш-чаралар уланууда. Аларды эч ким алып таштаган жок. Арабызда коронавирус инфекциясын алып жүргөн оорулуулар жок деп эч ким кепилдик бере албайт. Тилекке каршы, соңку күндөрү карантинге алынбаган кишилердин арасынан коронавирус жуктурган учурлар аныкталууда. Буга байланыштуу бардык талаптар сакталышы керек», – деди Нурмат Отабеков.

Анын айтымында, эгер өзбекстандыктар карантин чараларын сактабаса, абал оорлоп кетиши ыктымал.

Өзбекстанда коронавирус инфекциясын жуктургандарды саны 3164 кишиге жетти. Жалпысынан 2565 адам айыгып, 13 бейтап көз жумду.

Учурда өлкөдө 44 миң киши карантинде, алардын ичинен 18 миңден ашуун адам стационардык шартта көзөмөлгө алынган.

Пикир

Оставить комментарий