• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Өзбекстан Каримованын кайтарылган акчасын социалдык долбоорлорго жумшайт

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 16.06.20. /Кабар/. Франция Гүлнара Каримованын 10 миллион доллар активин Өзбекстандын Юстиция министрлиги менен Башкы прокуратурасына кайтарып берди. Бул тууралуу өлкөнүн Юстиция министрлиги кабарлады.

Министрликтин коомчулук менен байланышуу башкармалыгы билдиргендей, кайтарылган каражат социалдык долбоорлорго жумшалат жана алар тууралуу ачык маалымат берилип турат.

Өзбекстандын Юстиция министрлиги Швейцария, АКШ, Франция жана Орусиянын тиешелүү органдары менен бирге башка каражаттарды кайтаруу иштерин улантууда. Кеп Каримованын дагы 1,3 миллиард доллары жөнүндө болуп жатат.

Каримова опузалап мүлктү менчиктеп алуу, ыксыз сарптоо, кылмыш жолу менен табылган кирешелерди адалдоо боюнча коюлган айыптар менен түрмөдө отурат. Ал жалпысынан 13 жыл 4 айга кесилген.

Пикир

Оставить комментарий