• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Өзбекстан Казакстан менен темир жол каттамдарын калыбына келтирүүдө

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 18.03.22. /Кабар/. 1-апрелден тарта Өзбекстандын Нукус шаары менен Казакстандын Бейнеу айылынын ортосунда жүргүнчү ташуучу туруктуу темир жол каттамы жүрө баштайт. Бул тууралуу "Өзбекстан темир жолдору" компаниясынын басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка караганда, поезд "Нукус" темир жол бекетинен шейшемби, жума жана жекшемби күндөрү, Бейнеу айылынан дүйшөмбү, шаршемби жана ишемби күндөрү чыгып турат.

"Башка жакынкы өлкөлөр менен да темир жол байланышы тараптардын өз ара макулдашуусу менен ачылат", - деп билдиришти темир жол компаниясынан.

Бул эки жылдан бери Өзбекстандан чет өлкөгө аткарыла турган жүргүнчү ташуучу алгачкы туруктуу темир жол каттамы болуп калат. Өлкө тышкы темир жол каттамдарын коронавирус пандемиясына байланыштуу 2020-жылдын март айында токтоткон.

Пикир

Оставить комментарий