• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Өзбекстан Казакстанга кийим экспорттогон ири үчилтикке кирди

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 21.02.20. /Кабар/. Өзбекстан 2019-жылы Казакстанга 10 000 тонна кийим экспорттогон. Бул тууралуу жергиликтүү басылмалар кабарлады.

Былтыр Казакстан чет өлкөлөрдөн 670 600 000 АКШ долларга ( 62 000 тоннадай) жеңил өнөр жай товарларын импорттогон.

Бул продукциялардын дээрлик жарымы (31 000 тонна) Кытайдан келет. Башкача айтканда кытайлыктар Казакстанга 181 800 000 долларга кийим саткан.

Экинчи орунда орусиялыктар турат. Алар Казакстанга 10,5 миң тонна кийим экспорттоп, 195 миллион доллар алышкан.

Үчүнчү орунга ушундай эле көлөмдө кийим жеткирүү менен Өзбекстан илинген. Бирок анын кирешеси 10 эсеге төмөн.

Казакстанга Түркия, Бангладеш, Беларус өлкөлөрү дагы жеңил өнөр жай продукцияларын экспорттойт.

Пикир

Оставить комментарий