• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Өзбекстан Казакстанга куткаруучулар менен атайын техникаларды жөнөттү

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 07.05.20. /Кабар/. Президенттин кеңешчиси Турсинхан Худайбергенов жетектеген өзбек делегациясы Сардоба суу сактагычындагы кырсыктан улам зыянга учураган Казакстандын Түркстан облусуна барды. Бул тууралуу Өзбекстандын Өзгөчө кырдаадар министрлиги (ӨКМ) билдирди.

Сапардын жүрүшүндө делегация мүчөлөрү суу каптоонун кесепеттери менен таанышып, аларды жоюу боюнча чараларды аныктады.

«Коңшу өлкөгө ӨКМдин 209 адиси жана 169 даана айыл чарба, инженердик жана куткаруучу техникалар жөнөтүлдү», — деп билдирди мекеменин өкүлү.

1-майдын таңында Өзбекстандын Сардоба суу сактагычындагы дамба жырылып, агып чыккан суу Казакстандын Түркстан облусундагы калктуу конуштарды каптаган. Буга байланыштуу Матаарал районунун 30 миңден ашык тургуну коопсуз жерге эвакуацияланган.

Казакстандын бийлиги суу каптоодон улам 404 миллион теңге же 1 миллион долларга жакын чыгым тартканын билдирген.

Пикир

Оставить комментарий