• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Өзбекстан өкмөтү чет өлкөдө диний билим алууга көзөмөлдү күчөтөт

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 11.06.21./Кабар/. Июнь айынан тартып өзбек жарандары Өзбекстандын дин иштери боюнча комитетинин сунушу менен гана Каирдин Аль-Азхар университетинде окуй алышат.

Маалыматты Египеттеги Өзбекстан элчилиги тастыктады.

Өзбек бийлигине жакын талдоочунун кабарлашынча, Өзбекстанда жашы жете электерге диний билим берүүгө тыюу салынат, чет өлкөдө окууну каалагандар Дин иштери боюнча комитеттен уруксат алууга тийиш.

Анын айтымында, бийликтин максаты – Египет менен Түркияга мыйзамсыз диний билим алууга кеткен жаштардын агымын токтотуу.

Өзбекстандын атайын кызматына аналитикалык материал даярдаган серепчинин айтымында, соңку беш айда Египетке диний билим алуу үчүн кетмек болгон 1800 жашы жете элек өзбекстандык чек арада кармалган. Алардын көбү Анжиян, Наманган жана Фергана облусунун тургундары.

1990-жылдары Аль-Азхар университетинде билим алган Azon.uz сайтынын негиздөөчүсү Мубашшир Ахмад “Фейсбуктагы” баракчасы аркылуу Өзбекстан бийлигинин бул чечимин жарандардын билим алууга болгон конституциялык укугун чектөө деп атады.

Пикир

Оставить комментарий