• 89.11
  • 94.62
  • 0.95

Өзбекстан колледждеринде бекер окуу жоюлат

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 06.02.18. /Кабар/. Өзбекстан колледждери акы төлөө системасына өтүүдө. Тиешелүү токтомго президент Шавкат Мирзиёев кол койгон.

Буга чейин 9-классты бүтүргөн окуучулар колледждерге бекер кабыл алынып келген.

Мектептерди 2018-2019-жылдан баштап 11 жылдык окуу системасына которуу чечимине байланыштуу колледждердин ишмердүүлүгүн кайра карап чыгуу тапшырмасы берилди.

Каржы министрлиги жыл сайын чыгымдарды эсептеп, колледждеги окуу акысын белгилөөгө тийиш.

Бул арада калктын айрым социалдык катмары үчүн бекер окуу системасы сакталат. Маселен, кембагал үй-бүлөдөн чыккан балдар көп тармактуу колледждерде акы төлөбөй билим алышат.

Мамлекет бекер окуу үчүн гранттык орундарды бөлөт. Бюджет эсебинен окугандар аймактарда эң аз үч жыл иштөөсү зарыл.

Пикир

Оставить комментарий