• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Өзбекстан Корея менен жогорку технологиялуу онкологиялык борбор курат

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 18.09.20./Кабар/. Өзбекстан Корея менен жогорку технологиялуу онкологиялык борбор курат.

Өзбекстан Саламаттык сактоо министрлиги билдиргендей, борбор Ташкентте Балдардын улуттук медициналык борборунун аймагында салынат. Бул жерде медициналык университет да иштей баштайт.

16-сентябрда өлкөнүн саламаттык сактоо министри Алишер Шодмонов Корея медициналык ассоциациясынын илимий-иликтөө комитетинин төрагасы Чой Чже Ук менен жолугушкан.

Жолугушууда медициналык университет менен онкологиялык борбор Корея менен болгон кызматташуунун алкагында түзүлөрү, мындай жол менен илим жана тажрыйбаны алдыңкы стандарттардын деңгээлине көтөрүү пландалып жатканы белгиленген.

Тараптар мындан тышкары коронавирус инфекциясына чалдыккан бейтаптарды дарылоо маселелерин жана жогорку медициналык технологияларды эффективдүү колдонууну күчөтүүнү да талкуулашты.

Пикир

Оставить комментарий