• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Өзбекстан коронавируска каршы күрөшүү үчүн донорлордон $200 миллион насыя алат

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 14.07.20. /Кабар/. Өзбекстан COVID-19га каршы күрөшүү үчүн Азия өнүктүрүү банкы менен Азия инфраструктуралык инвестициялар банкынан 200 миллион доллар алууга ниеттенип жатат. Бул тууралуу өлкөнүн инвестициялар жана тышкы соода министри Сардор Умурзаков менен Азия өнүктүрүү банкынын (АӨБ) президенти Масацугу Асакаванын 13-июлдагы видеоконференциясы маалында айтылды.

Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө Асакава Өзбекстандын саламаттык сактоо системасы менен санитардык-эпидемиологиялык кызматын модернизациялоого 100 миллион доллар өлчөмүндө насыя берүүнү жактыруу маселеси каралып жатканын билдирди. Бул каражат августтун башында берилет деп күтүлүүдө.

Мындан тышкары долбоордун алкагында Азия инфраструктуралык инвестициялар банкынан да 100 миллион доллар каражат алуу каралууда.

Пикир

Оставить комментарий