• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Өзбекстан коронавирустан айыккан бейтаптарды реабилитацияга жөнөтпөй калды

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 16.06.20. /Кабар/. Өзбекстандын Саламаттык сактоо министрлиги 12-июндан тартып коронавирустан айыккан бейтаптарды реабилитациялоо тажрыйбасынан баш тартты. Бул тууралуу мекеменин басма сөз катчысы Фуркат Санаев билдирди.

«Тажрыйба реабилитациянын керек эмес экенин көрсөттү. Алгач, коронавирустан толугу менен айыккан бейтаптар 14 күндүк реабилитацияга жөнөтүлүп жаткан, бирок бул учурда алардын эч кимиси вирусту кайра жуктуруп алган жок. Мындан улам Өзбекстан бул тажрыйбадан баш тартты», – деди Санаев.

Ал коронавирустан айыккан бейтаптар үй шартында медициналык көзөмөлгө алынып жатканын кошумчалады.

16-июнга карата Өзбекстанда 5293 кишинин коронавирус жуктуруп алганы аныкталды. Алардын ичинен 4019 адам айыгып чыгып, 19 бейтап каза болду.

Пикир

Оставить комментарий