• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Өзбекстан Кыргызстан менен инвестициялык кызматташтыкты активдештирүүгө даяр

Экономика 0

Бишкек, 14.04.22. /Кабар/. Өзбекстан Кыргызстан менен инвестициялык кызматташтыкты активдештирүүгө даяр. Бул тууралуу Өзбекстандын премьер-министринин орун басары – инвестиция жана тышкы соода министри Сардор Умурзаков Өзбек-Кыргыз өнүктүрүү фондунун салтанаттуу ачылышында билдирди.

Белгилей кетсек, иш-чара "Ала-Арча" резиденциясында өттү.

Анын айтуусуна караганда, Кыргызстан Өзбекстан үчүн жөн гана коңшу эмес, тарыхы, маданияты жана салты бир боордош эле.

«Акыркы жылдарда өлкөлөр ортосундагы товар айлантуунун көлөмү 5 эсеге өстү. Алдыда биз өнөктөштүк потенциалыбызды өнүктүрүүнү жана жогорулатууну, ошондой эле инвестиция тартууну активдештирүүнү пландап жатабыз», - деди ал.

Ошондой эле Умурзаков фонд кызматташуунун алкагында реалдуу натыйжаларга жетишүүгө кызмат кыларына ишеним артты.

«Жакынкы убакта бул фондду толук масштабдуу ишке ашырууга киришебиз деп ишенем», - деп жыйынтыктады вице-премьер-министр.

Пикир

Оставить комментарий