• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Өзбекстан, Кыргызстан жана Кытай Ташкентте авто жүк ташуулар боюнча жыйын өткөрөт

Коом 0

Бишкек, 22.01.18 /Кабар/. Өзбекстан, Кыргызстан жана Кытай 2018-жылдын 24-25-январында Ташкентте үч өлкөнүн өкмөттөрүнүн ортосундагы эл аралык автоунаа каттамдары жөнүндө келишимди ишке ашыруу боюнча жыйын өткөрөт. Бул тууралуу Өзбекстан ТИМ сайтында маалымдалат.

Жыйынга Кытайдын Транспорт министрлиги, Кыргызстандын Унаа жана жолдор министрлиги жана Өзбек автоунаа жана жана сууда жүрүүчү транспорттор агенттигинин делегациялары катышат.

Анын алдында өзбек-кыргыз жана өзбек-кытай эл аралык автоунаа ташуулары маселелери боюнча эки жактуу жыйындарды өткөрүү пландалууда.

Эскерте кетсек, 5-6-октябрда экс-президент Алмазбек Атамбаевдин мамлекеттик сапарынын алкагында Ташкентте Өзбекстандан Кытайга жүктөрдү түз ташуууну камсыздаган Ташкент – Анжиян – Ош – Кашгар автоунаа каттамы жөнүндө меморандумга кол коюлган.

Андан соң бул каттам менен жүк ташуучу унаалардын сынамык кербени жөнөтүлгөн.

Пикир

Оставить комментарий