• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Өзбекстан Кыргызстанда автоунаа өндүрүшүн ачууга кызыкдар

Экономика 0

Бишкек, 04.12.18 /Кабар/. Өзбекстан Кыргызстанда автоунаа өндүрүшүн ачууга кызыкдар. Бул тууралуу экономика министри Олег Панкратов баштаган делегациянын Ташкенттеги жумушчу сапарында айтылды.

Жолугушуу учурунда айыл чарба техникасын, жеңил автоунаалар менен автобустарды кураштыруу боюнча долбоорду ишке ашыруу маселеси талкууланды.

Мындан тышкары Кыргызстандын түштүк аймагына машина-техника станциясын куруу мүмкүнчүлүгүн кароо макулдашылды.

Ошондой эле жолугушууда, ишкерлик байланыштарды түзүү, соода, транспорт, өнөр-жай тармагында кызматташуунун жандандыруу тууралуу сөз болду.

Эскерте кетсек, Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосундагы мамиле Шавкат Мирзиеев президент болуп шайлангандан кийин жанданган.

Пикир

Оставить комментарий