• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Өзбекстан Кыргызстанга 2 көчмө оорукана салып берет – министр

COVID - 19 0

Бишкек, 17.11.20. /Кабар/. Өзбекстан Кыргызстанга тез курулуучу 2 көчмө оорукана салып берет. Бул тууралуу “Кабар” агенттигиндеги маалымат жыйында саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев билдирди.

Министрдин айтымында, ал ооруканалар Бишкек шаарында жана Кадамжай районунда курулат.

“Бишкекте 200 орундуу жана Кадамжайда 200 орундуу оорукана курулуп, алар жабдыктар, жылуулугу менен болот. Бишкектеги оорукана Улуттук госпиталдын, Кадамжайдагы стационар райондук оорукананын жанында салынат. Учурда курулушчулар ишин баштады”, - деди ал.

Пикир

Оставить комментарий