• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Өзбекстан Кыргызстанга 284 миң долларлык гуманитардык жардам берди

Аймак 0

Бишкек, 20.05.20. /Кабар/. Бүгүн, 20-майда, Ош шаарында Өзбекстан Республикасынын президенти Шавкат Мирзиёевдин демилгеси менен өлкөдө коронавирус менен күрөшүүнүн алкагында жөнөтүлгөн Өзбекстандын экинчи гуманитардык жардамын Кыргызстанга тапшыруу аземи болуп өттү.

Өзбекстан Республикасынын атынан достук жардамды КРны элчиси Ибрагим Жунусов тапшырды, - деп билдирет өкмөттүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн маалымат кызматы.

Маалыматка ылайык, иш-чарага өкмөттүн өкүлү Узарбек Жылкыбаев, саламаттыкты сактоо координатору, тийиштүү кызматтардын жетекчилери жана ММК өкүлдөрү катышты.

Берилген гуманитардык жардам курамына медициналык керебеттер (440 даана), электрондук пирометрлер (1000 даана), медициналык коргоо костюмдары (2500 даана), медициналык мээлейлер (150 000 даана), ошондой эле медициналык беткаптар (150 000 даана) кирет.

Жардамдын жалпы суммасы 248 миң АКШ долларын түзөт. Медициналык жабдыктар жана каражаттар Саламаттыкты сактоо министрлиги аркылуу республикадагы медициналык мекемелерге тапшырылат.

"Тапшыруу аземинин жүрүшүндө кыргыз тарап Кыргызстанда коронавирустун жайылуусу менен күрөшүүдөгү кезектеги колдоосу үчүн Өзбекстан элине чын дилинен ыраазычылык билдирип, коңшу мамлекет менен дайыма ар тараптуу алакалар күчөтүлө берерин билдирди", - деп айтылат маалыматта.

Эске сала кетсек, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү 2020-жылдын 1-майында Сардоба суу сактагычынын жарылышынан улам жабыркаган Өзбекстан Республикасынын калкына гуманитардык көмөк көрсөткөн. Өзбекстан Республикасынын жабыр тарткан калкы үчүн 1 000 тонна цемент, 100 тонна күрүч жана 10 тонна өсүмдүк майы жөнөтүлдү.

Пикир

Оставить комментарий