• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Өзбекстан Кыргызстанга жүктөрдүн бардык түрүн ташуу үчүн жеңилдиктерди берди

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 16.01.19 /Кабар/. Ташкентте «Кыргыз темир жолу» мамлекеттик ишканасы менен «Узбекистон темир йуллари» акционердик коомунун ортосунда протоколго кол коюлду.

Ага ылайык, Өзбекстандын аймагы аркылуу «Кыргыз темир жолунун» түштүк бөлүмүнө чейин транзит менен ташылуучу жүктөрдүн бардык түрлөрүнө буга чейин берилген 30% жеңилдик 2019-жылга да калтырылды.

Мындан тышкары 2019-жылга карата өзбек темир жолунун транзиттик бөлүктөрү боюнча төмөндөгүдөй арзандатуулар берилди:

  • Ходжадавлет эл аралык мамлекеттик кесилиш пункту боюнча 35% жеңилдик;
  • Каракалпакстан эл аралык мамлекеттик кесилиш пункту боюнча 40% жеңилдик;

Ошондой эле Өзбекстандын аймагы аркылуу 200 миң тонна күйүүчү май, 60 миң тонна жыгач-тактайларды жана 35 миң тонна буудай азыктарын ташууга буга чейинки 30% жеңилдиктин ордуна 35% жеңилдик берилет.

Пикир

Оставить комментарий