• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Өзбекстан Кытайдан 30 студентин алып келет

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 27.01.20. /Кабар/. 25-январда Өзбекстандын тышкы иштер министри Абдулазиз Камилов 2019-nCoV вирусу чыккан Кытайдын Ухань шаарындагы 30 өзбек студентин алып келүүнү убадалады.

- Ухань шаарындагы 30 студент Өзбекстанга кайтарылат. Азыркы учурда Тышкы иштер жана Саламаттык сактоо министрликтери иш алып барууда, - деди Камилов.

Министр студенттер качан кайтып келерин так айткан жок.

Өзбекстандын Тышкы иштер министрлигинин (ТИМ) маалыматына караганда, Ухань шаарында жалпысынан 250 өзбекстандык бар. Алардын көпчүлүгүн жогорку окуу жайларда окуган студенттер түзөт. Буга чейин семестрдин аяктаганына байланыштуу өзбек студенттеринин көбү мекенине кайтып келишкен.

Акыркы маалыматтарга ылайык, Кытайда коронавирустан өлгөн адамдардын саны 80ге жетип, дүйнө боюнча илдетти жуктургандардын саны 2 миңден ашты.

Пикир

Оставить комментарий