• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Өзбекстан Кытайга газ экспорттоону жандандырды

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 25.05.22. /Кабар/. Өзбекстан Кытайга газ экспорттоону жандандырды. Бул тууралуу Eurasianet.org кабарлады. Республика жыл башында ички талапты канааттандыруу үчүн газды тышка чыгарууну убактылуу токтоткон.

Өзбек өкмөтү газды сатуу жандандырылганы жөнүндө кабарлаган жок. Бирок Кытай маалыматтарынан Ташкенттин Борбор Азия- Кытай кууру аркылуу көгүлтүр отунду экспорттоп жатканын байкоого болот. Түркмөнстандан башталган бул куур Өзбекстан жана Казакстан аркылуу Кытайга барат.

Кытайдын Башкы бажы башкармалыгынын статистикасына караганда, Өзбекстан Кытайга быйыл алгачкы төрт айда 132,8 миллион долларга газ экспорттоду. Бул жөнүдө орусиялык Neftegaz.ru порталы билдирди. Канча көгүлтүр отун сатылганы айтылган эмес.

Түркмөнстан январь-апрель айларында Кытайга 2,87 миллиард долларга газ саткан. Казакстандын Кытайга экспорту 270,6 миллион долларды түзгөн.

Быйыл Ташкент 3,3 миллиард метр куб газ экспорттоону пландоодо. 2019-жылы өлкө четке 12,2 миллиард метр куб газ саткан.

Пикир

Оставить комментарий