• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Өзбекстан кыз-келиндер футболу боюнча Азия кубогун өткөрүүгө ниеттенүүдө

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 03.06.19. /Кабар/. 2022-жылы кыз-келиндер футболу боюнча Азия Кубогун өткөрүүгө ниеттенип жаткан үч өлкөнүн ичинде Өзбекстан бар. Бул тууралуу Азия футбол конфедерациясынан билдиришти.

Уюмдун маалыматына караганда, футбол мелдешин кабыл ала турган өлкө 2020-жылы аныкталат. Ага чейин кубокту өткөрүүгө кызыкдар экенин билдирген өлкөлөргө атайын чакыруу жөнөтүлүп, алар стадиондор боюнча сунуштарын айтышат.

Азия Кубогун өткөрүүгө билдирмелерди кабыл алуу 31-майда аяктаган.

Кыз-келиндер арасындагы футбол боюнча Азия кубогу — дүйнө чемпионатына тандап алуу оюндарынын бир бөлүгү болуп эсептелет.

Пикир

Оставить комментарий