• 89.47
  • 96.43
  • 0.97

Өзбекстан өлкөгө аба, темир жол жана автоунаа өткөрмө бекеттери аркылуу кирүүгө уруксат берди

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 01.10.20. /Кабар/. 1-октябрдан тартып Өзбекстанга аба, темир жол жана автоунаа өткөрмө бекеттери аркылуу кирүүгө уруксат берилди. Тиешелүү чечимди Коронавируска каршы күрөшүү боюнча республикалык комиссия 17-сентябрда кабыл алган.

Ага ылайык, 1-октябрдан тартып өлкөгө Казакстан, Түркмөнстан, Тажикстан жана Ооганстан менен чек аралардагы көзөмөл-өткөрмө бекеттер аркылуу киргендерден ПЧР же экспресс-тест талап кылынып, 14 күнгө карантинге алынат.

Акыркы 14 күндө «жашыл» аймакта (Кытай, Таиланд, Малайзия, Түштүк Корея, Грузия, Венгрия, Финляндия, Латвия, Австрия жана Жапония) болгон адамдар Өзбекстандын аймагына эч кандай чектөөсүз киргизилет.

«Сары» (Азербайжан, Беларус, БАЭ, Европа биримдигине кирген өлкөлөр, Улуу Британия жана Испаниядан тышкары) жана «кызыл» (калган бардык өлкөлөр) аймактардан келгендерде акыркы 72 сааттын ичинде тапшырылган, коронавирус жок экенин ырастаган ПЧР-тесттин жыйынтыгы болушу керек.

Өзбекстанга кирген адамдардан мейманканада же үйдө 14 күн милдеттүү карантинде болуу тууралуу тилкат жаздырып алынат.

Өзбекстан коронавирустун алдын алуу максатында быйыл 16-мартта чек араларын жаап, бардык аба каттамдарын убактылуу токтоткон.

Пикир

Оставить комментарий