• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

Өзбекстан өлкөгө кирүүдөгү чектөөлөрдү алат

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 08.06.22. /Кабар/. Өзбекстанга кирүү үчүн жарандардан ПЧР-тест же эмдөө сертификатын талап кылуу жокко чыгарылат.

10-июндан тарта аба жолдорунда, темир жол станцияларында, чек ара өткөрмө бекеттеринде коронавируска карата киргизилген бардык чектөөлөр алынат. Бул тууралуу Ковид менен күрөшүү боюнча атайын республикалык комиссия билдирди.

Өзбекстандын министрлер кабинетинин маалымат кызматы бул чет өлкөлүк туристтерге гана эмес, чет өлкөлөрдөн келген бардык жарандарга, анын ичинде өзбекстандыктарга да тиешелүү экенин тактады.

ПЧР-тест, эмдөө сертификатынан тышкары антигенге экспресс-тест тапшыруу талабы да алынат.

8-июндан тарта Казакстан да өлкөгө кирүүдөгү бардык чектөөлөрдү жойду.

Пикир

Оставить комментарий