• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Өзбекстан менен АКШ 4 миллиард долларлык келишимге кол коюуга ниеттенүүдө

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 15.05.18. /Кабар/. Өзбекстан менен АКШ Шавкат Мирзиёевдин Вашингтонго болгон сапары учурунда бир нече миллион долларлык келишимге кол коеру күтүлүүдө.

Америка-өзбек соода палатасынын төрагасы Кэролин Лэмм «Узбекистан 24» телеканалына берген маегинде 15-майда жалпысынан төрт миллиард долларлык келишимге кол коюлары пландалганын айтты. Анын билдиришинче, тараптар соода, коммерция, инвестиция багытында кызматташууну арттырат.

Лемм экономикалык кызматташуунун келечектүү багыттарынан бири – мунайгаз жана түстүү металлургия тармагы экенин белгиледи. Ал Өзбекстанда биргелешкен ишканаларды ачуу үчүн жалпы кызыкчылыктар жетиштүү экенин айтты.

Трамп менен Мирзиёев алгач ирет 2017-жылы майда араб-мусулман өлкөлөрү менен АКШнын Эр-Риядда өткөн саммитинин алкагында жолугушкан.

Мирзиёев былтыр сентябрда Нью-Йоркто америкалык компаниялардын өкүлдөрү менен кездешип, эки тараптуу бизнес-форумга катышкан. Форумдун жыйынтыгы менен мунайгаз, мунайхимия, машина куруу, электротехникалык өндүрүш жана жарандык авиация тармагында 2,6 миллиард доллардык келишимге кол коюлган.

Пикир

Оставить комментарий