• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Өзбекстан менен Армениянын 40 чукул мигранты Москвада мушташты

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 3-август /Кабар/. Калак, балка жана темир арматураларын көтөргөн Өзбекстан менен Армениянын 40 жакын мигранты Москвада уруш чыгарышты. Бул тууралуу “РИА Новости” жазып чыкты.

Укук коргоо мекемесинин берген маалыматына ылайык, мушташ бейшемби күнү күндүзү болгон. Урушка курулуш тармагындагы эки бригада катышкан. Окуя болгон жерге милиция кызматкерлери чакырылган.

Мушташтын жыйынтыгында 6 адам жабыркап, ооруканага жаткырылган. Милиция кызматкерлери билдиргендей, пикир келишпестик, курулушчулардын бири чатырдан таштандыларды ыргытып баштаганынан улам келип чыккан.

Өткөн жылдын июнь айында болжолу менен жыйырмадан ашуун эмгек мигранттары Санкт-Петербургда мушташа кетишкен. Полиция кызматкерлери 17 адамды кармашкан. ММКлар билдиргендей, андагы уруштун себеби курулушчулардын бирине өтүп бараткан унаа ылай чачыратып кеткенинен улам келип чыккан.

Пикир

Оставить комментарий