• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Өзбекстан менен Казакстан авиакаттамдардын санын көбөйтүү боюнча макулдашты

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 21.06.18. /Кабар/. Өзбекстан менен Казакстандын авиациялык бийликтери эки өлкөнүн ири шаарларынын ортосундагы каттамдарды көбөйтүү боюнча макулдашты. Бул тууралуу казак басылмалары жазышты.

Маалыматка караганда, тараптар мындай макулдашууга бир нече күн мурда Астанада өткөн сүйлөшүүлөр маалында жетишкен.

«Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында Астана — Ташкент багыты боюнча каттамдарды жумасына 4төн 6га чейин, Алматы — Ташкент боюнча 7 ден 10го чейин көбөйтүүнү макулдаштык. Жалпысынан эки өлкөнүн авиакомпаниялары мамлекеттер ортосунда жумасына 32 каттам аткаруу мүмкүндүгүнө ээ болушту», – деп билдиришти Казакстандын Жарандык авиация комитетинен.

Ошондой эле эки өлкөнүн улуттук авиакомпаниялары өз ара пайдалуу эсептелген коммерциялык «код-шер» келишимине кол коюу боюнча дагы макулдашты.

Тараптардын баамында, жетишилген макулдашуулар туризмдин, өлкөлөр ортосундагы экономикалык жана соода байланыштардын өнүгүүсүнө түрткү болот.

Пикир

Оставить комментарий