• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Өзбекстан менен Казакстан биргелешип спутник курууну пландоодо

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 24.09.18. /Кабар/. Казакстан Коргонуу жана аэрокосмос өндүрүш министрлиги Өзбекстан менен бирге спутник салууну пландоодо.

Эл аралык аскер-техникалык кызматташтык департаментинин директору Асланбек Сырланов билдиргендей, бул аппарат Казакстан менен Өзбекстанга гана эмес, аймактагы башка өлкөлөргө да кызмат көрөтө алат.

“Учурда биздин өзбекстандык кесиптештер чет өлкөлүк спутниктерди колдонушууда. Андыктан биршелешип спутник жасоо боюнча сунуш түштү “,– деди Сырланов.

Мындан тышкары Борбор Азия өлкөлөр кызматташтыгынын алкагында дароо беш спутник жасоо демилгеленүүдө. Бул аппараттар 5 метрге чейинки өлчөмдөгү заттарды сүрөткө тарта алат.

"Анда Борбор Азиядагы ар бир өлкө бир спутникти колдоно алат. Ошол эле маалда 5 аппараттын маалыматтарын пайдаланууга мүмкүнчүлүк түзүлөт. Күн сайын жаңы сүрөттөрдү алып турууга болот. Мунун баарын Казакстан сунуштоодо", – деп кошумчалады Сыдыков.

Пикир

Оставить комментарий