• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Өзбекстан менен Казакстан биргелешкен аскердик машыгуу өткөрөт

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 16.11.21./Кабар/. 17-24-ноябрь аралыгында Өзбекстандын Термез полигонунун аймагында казак жана өзбек аскерлеринин катышуусунда машыгуу өтөт. Бул тууралуу Казакстандын Коргоо министрлиги кабарлады.

Аскердик машыгуунун максаты - биргелешкен тапшырманы аткаруу учурунда эки элдин куралдуу күчтөрүнүн өз ара аракеттенишүүсүн күчөтүү.

Казак тараптан машыгууга 100дөн ашуун аскер кызматкери катышып, көп функционалдуу Су-30СМ истребителдери, С-295 аскердик-транспорттук учактары, учкучсуз учуучу аппараттар колдонулат.

Буга чейин Жабыл облусундагы “Матибулак” полигонунда өзбек аскерлеринин катышуусу менен “Щит-2021” машыгуусу өткөн.

Пикир

Оставить комментарий