• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Өзбекстан менен Казакстан Кожо Ахмет Яссави жөнүндө тасма тартышат

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 24.12.19. /Кабар/. Өзбекстан менен Казакстан Борбор Азия аймагында алгачкылардан болуп ислам динин жайылткан Кожо Ахмет Яссави тууралуу биргелешип көркөм тасма тартуу боюнча макулдашты.

Бул тууралуу 23-декабрда Казакстандын маданият жана спорт министри Актоти Раимкулова менен «Өзбек кино» улуттук агенттигинин башкы директору Фирдавс Абдухаликовдун жолугушуусунда белгилүү болду.

«Бул кинотасма Өзбекстан менен Казакстандын тарыхый жана маданий байланыштарын бекемдөөдө маанилүү ролду ойноп, өлкөлөрдүн кинематография тармагындагы кызматташтыгын өнүктүрүүдөгү негизги кадам болот деп күтүлүүдө, — деп жазылган «Өзбек кинонун» билдирүүсүндө.

Пикир

Оставить комментарий