• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Өзбекстан менен Казакстан туризмди биргелешип өнүктүрүүгө макулдашууда

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 16.11.18. /Кабар/. Казакстан менен Өзбекстан туристтерге чек араларын чогуу ачууну пландоодо. Бул тууралуу эки өлкөнүн аймак аралык кызматташуу форумунда белгилүү болду.

Долбоорду иш жүзүнө ашыруу үчүн туристтердин биргелешкен каттамын иштеп чыгуу, аба, темир жол жана автотранспорт байланышын өнүктүрүү керек болот. Адистер эгер сүйлөшүүлөр жакшы жыйынтык берсе, демилгени Кыргызстан менен Тажикстанда дагы кубаттайт деп эсептешет. Натыйжада Улуу Жибек жолу менен саякаттоону каалагандар Борбор Азиядагы төрт өлкөдө эркин жүрүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болот.

KazakhTourism компаниясынын төрага орун басары Тимур Дуйсенгалиев бул каттам менен бир туристке кызмат көрсөтүү 50дөн 80 долларга чейин болорун белгиледи:

– Биздин максат ушул деңгээлге жеткирүү. Албетте, туристтер ар кандай, андыктан айрымдар үчүн бул 500 долларга чейин барышы мүмкүн. Бул эми алардын ышкыларынан жана капчыктарынан көз каранды. Бирок жалпысынан максат ушундай.

Пикир

Оставить комментарий