• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Өзбекстан менен Казакстандын чек ара бекетинде жүк ташуучу унаалар өтө албай турушат

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек. 05.04.19 /Кабар/. Түркстан облусундагы казак-өзбек чек арасынын “Казыгурт” бажы бекетинде 150дөй жүк ташуучу унаа өтө албай, бир нече күндөн бери кезекте турат.

Аты-жөнүн атагысы келбеген айдоочунун айтымында, тыгын башталганына бир аптадан ашты.

– Үч күндөн бери чек арадан өтүү үчүн кезекте турабыз. Алты күн, ал гана эмес он күндөн бери ушул жерде турган жигиттер бар. “Капланбекте” (чек ара бекети – ред) дагы толтура. Азыр бул жерде турган жүк ташуучу унаалардын саны жүздөн ашат,– деди айдоочу.

Түркстан облустук мамлекеттик киреше департаментинин өкүлү Марат Кулекеев “Казыгурт” бажы бекетинде жүк ташуучу унаалар жай өткөрүлүп жатканын тастыктады. Анын айтымында, Казакстандан Өзбекстанга күнүнө жүздөй машине өтүп жатат. 150дөй автотранспорт кезекте турат. Кулекеев унаа тыгындарын Өзбекстандагы автожолдорду оңдоо иштери менен байланыштырды.

Бул арада кыргыз-казак чек арасындагы «Ак-Тилек - Автожол» көзөмөл өткөрмө бекетинде Казакстанга өтүш үчүн кезекте турган оор жүк ташуучу автоунаалар азая элек. Тыгын 19-мартта башталган.

Пикир

Оставить комментарий