• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Өзбекстан менен Кыргызстандын ортосундагы цемент маселеси чечилди

Экономика 0

Бишкек, 23.05.20. /Кабар/. Өзбекстан менен Кыргызстандын ортосундагы цемент маселеси чечилди. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү маалымдайт.

Билдирүүгө караганда, Кыргызстан менен Өзбекстандын премьер-министрлери Мухаммедкалый Абылгазиев жана Абдулла Арипов менен телефон аркылуу сүйлөштү.

Сүйлөшүү учурунда Абылгазиев Өзбекстан Өкмөтү тарабынан 2020-жылдын 1-майынан 31-декабрына чейин цементти импорттоого киргизилген чектөөлөрдү алып салуу мүмкүндүгүн карап чыгуу өтүнүчүн билдирди.

Өз кезегинде кыргыз тараптын өтүнүчүн эске алуу менен 2020-жылдын 22-майында Өзбекстандын Премьер-министри Абдулла Арипов 2020-жылдын 23-майынан тарта Өзбекстан Республикасына цемент ташууну жандантуу жөнүндө Өзбекстан Республикасынын Өкмөтүнүн токтомуна кол койду.

Мындан тышкары тараптар эки тараптуу кызматташуунун бардык актуалдуу маселелери боюнча ыкчам маалымат алмашуу тууралуу макулдашышты. Учурда коңшу өлкөдөн импорттолгон азык-түлүк жана башка товарларды ташуу штаттык режимде тоскоолдуксуз жүрүүдө.

Пикир

Оставить комментарий