• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Өзбекстан менен Кытай COVID-19 вакцинасын биргеликте сыноодон өткөрүшү мүмкүн

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 22.07.20. /Кабар/. Өзбекстандык адистер кытайлык өнөктөштөрү менен бирге коронавирустун вакцинасынын үчүнчү жана акыркы баскычын сыноодон өткөрүшү мүмкүн.

Бул тууралуу өзбек басылмалары жазды. Өзбекстандын Кытайдагы элчиси Бахтиер Саидов жана кытайлык Sinopharm Group компаниясынын төрагасы Лю Цзинчжэнь COVID-19 пандемиясына каршы күрөшүүдө эки өлкө адистеринин кызматташуу мүмкүндүгүн талкуулашты. Кытай тарап коронавируска каршы инактивдүү жана рекомбинантуу клиникалык сыноолордун эки айлампасы ийгиликтүү өткөнүн маалымдады.

«Жакында Кытай калкынын арасында клиникалык сыноолордун үчүнчү айлампасы башталды. Муну эске алуу менен кытай корпорациясынын жетекчиси ушундай эле сыноолорду Өзбекстан аймагында да өткөрүүнү сунуштады», – деп айтылат билдирүүдө.

Маалыматтарга караганда, жаңы вакцина бир эле маалда Бириккен Араб Эмираттарында сыноодөн өтөт, ага 15 миңдей киши катышат.

Инъекциядан кийин инактивдүү вакцинанын таасири эки жылдан өйдө болот. Ушул тапта Кытайда 50 миңден ашык киши эмделди. Июлда Бээжинде вакцина чыгаруучу экинчи заводдун курулушу башталды. Биринчи завод Уханда салынган.

Пикир

Оставить комментарий