• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Өзбекстан менен Кытай оюнчук өндүрүү боюнча биргелешкен ишкана ачат

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 4-август /Кабар/. Балдар үчүн оюнчуктарды чыгарчу кытай-өзбек биргелешкен ишканасы Өзбекстандагы эркин экономикалык аймактардын биринде ачылат. Кытай тараптан долбоорго өнөктөш катары Shandong Sanhe Toy компаниясы катыша турганын Gazeta.uz интернет басылмасы жазып чыкты.

Өзбекстандын Инвестициялар боюнча мамлекеттик комитетинин маалыматына караганда, мекеменин төрага орун басары Лазиза Кудратова менен Shandong Sanhe Toy компаниясынын башчысы Сонг Чжинюань жолугуп, долбоорду ишке ашыруу, ошондой соода-экономикалык жана инновациялык кызматташтык маселелерин талкуулашты.

Өзбек тараптын өкүлдөрү кытай өндүрүүчүсү менен кызматташуу каражат жагынан гана эмес, жаңы технологияларды тартуу, менеджменттин заманбап ыкмалары менен сапат стандарттарына үйрөнүү үчүн дагы баалуу экенин белгилешүүдө.

2005-жылы ачылган Shandong Sanhe Toy компаниясы АКШга, Канадага жана Европа өлкөлөрүнө түрдүү оюнчуктарды жеткирүү менен алектенет.

Булагы: CENTRAL ASIAN

Пикир

Оставить комментарий