• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Өзбекстан менен Орусия текстиль үчүн "жашыл коридор" системасын киргизет

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 22.10.18. /Кабар/. Өзбекстан менен Орусия текстиль жана башка өнүмдөр үчүн “жашыл коридор” режимин киргизүүгө макулдашты.

Өзбекстан президенти Шавкат Мирзиёев өзбек-орус сүйлөшүүлөрүнүн жыйынтыгында: “ Өзбекстан мөмө-жемиш өнүмдөрүн Орусияга жеткирүү үчүн “жашыл коридор” түзүп берген орус тарапка ыраазычылык билдиребиз. Биз бул тажрыйбаны башка продукцияларга, анын ичинде текстилге да жайылтууга макулдаштык”, деди.

Орусия президенти Путиндин айтымында, эки өлкө кызматташуунун ар кыл багыттары боюнча программа даярдашты. Долбоорлордун биринчи баскычы 25 миллиард долларды түзөт.

Ал мунун аркасы менен жаңы жумуш орундары, өз ара мамилелер үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөр түзүлөрүн белгиледи.

Путин тараптар айыл чарба тармагында кызматташуунун келечегин кенен карап чыгышканын кошумчалады. Путиндин билдиришинче, 2018-жылдын алты айында айыл чарба продукцияларын эки тараптуу сатуунун көлөмү 30% өскөн. “Жашыл коридор” системасынын киргизилиши оң натыйжаларды берген.

Пикир

Оставить комментарий