• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Өзбекстан менен Россия 2024-жылдын аягына чейин 25 млрд долларлык долбоорлорду ишке ашырат

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 26.12.19. /Кабар/. Өзбекстан менен Россия 2024-жылдын аягына чейин 25 млрд долларлык долбоорлорду ишке ашырат. Бул тууралуу Өзбекстан телеграф агенттиги жазат.

Өзбекстандын Тышкы иштери министрлиги билдиргендей, 25-декабрь күнү Москвада эки өлкөнүн ТИМ өкүлдөрү жолугушкан. Тараптар саясий, соода-экономикалык, инвестициялык, маданий-гуманитардык жана башка тармактардагы эки тараптуу кызматташууну талкуулашкан.

"Президент Шавкат Мирзиеевдин 2017-жылдын апрель айындагы Россияга жасаган мамлекеттик сапары жана Россия президенти Владимир Путиндин 2018-жылдын октябрь айында Өзбекстанга болгон сапарынын алкагында жетишилген макулдашуулардын аткарылышы каралды. 2019-2024-жылдарга каралган 25 млрд долларлык соода-экономикалык жана инвестициялык эки тараптуу документтердин ишке ашырылышы тараптардын көзөмөлүндө турат", - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий