• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Өзбекстан менен Түркия аскерий-техникалык багытта кызматташат

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Ташкент, 27-июль /Толонбай Курбанов – Кабар/. Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев жана Түркиянын улуттук коргоо министри Нуреттин Джаникли шаршемби күнү эки өлкөнүн аскерий жана аскерий-техникалык кызматташуусун талкуулашты. Бул тууралуу Өзбекстандын улуттук маалымат агенттиги билдирди.

Тараптар эки өлкөнүн коргоо ведомстволорунун кызматташуусу өнөнктөштүктүн башкы багыты экенин баса белгилешти.

Мирзиёев Өзбекстан менен Түркиянын ар кандай денгээлдеги байланыштарын күчөтүүгө, ошондой эле өз ара пайдалуу кызматташтыкты өнүктүрүү зарыл экенин билдирди.

Джаникли өз кезегинде президент Режеп Тайип Эрдогандын саламын айтып, мамлекеттер аралык мамилени масштабдуу өнүктүрүүгө түрк тарап даяр экенин белгиледи.

Өзбекстандын Коргоо министри Кабул Бердиев жана Түркиянын Улуттук коргоо министри Нуреттин Джаникли жолугушуунун жыйынтыгында аскерий билим берүү тармагында кызматташуу боюнча протоколго кол коюушту.

Документке ылайык, Өзбекстандын аскер адамдары Түркиянын аскерий билим берүү мекемелеринде билимдерин жогорулатышат.

Пикир

Оставить комментарий