• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Өзбекстан менен Түркмөнстан аба каттамдарын жандандырат

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 06.08.21. /Кабар/. Өзбекстан менен Түркмөнстан транспорт министрлиги жакын арада санитардык-эпидемиологиялык талаптарды сактоо менен түз аба каттамдарын жана эл аралык автомобилдик жүк ташууларды жандандыруунун үстүндө иштейт.

Макулдашууга 4-августта эки өлкөнүн өкмөт башчыларынын орун басарлары Ашхабадда өткөн жолугушууда кол коюшту.

Сүйлөшүүлөр учурунда тараптар чек ара бекеттеринин өткөрүү мүмкүндүгүн арттыруу маселесин да талкуулашты.

Өзбекстан менен Түркмөнстан ортосундагы байланыш былтыр жазында коронавирус пандемиясына байланыштуу убактылуу токтотулган.

Пикир

Оставить комментарий