• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Өзбекстан менен Түркмөнстан чек арада эки көзөмөл-өткөрмө бекетин ачууну пландоодо

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 26.11.21. /Кабар/. Өзбекстандын Транспорт министрлиги, Мамлекеттик бажы комитети жана Чек ара кызматы түркмөн кесиптештери менен бирге 26-ноябрдан тартып эки көзөмөл-өткөрмө бекетти ачуунун үстүнөн иш алып барышууда. Бул тууралуу Өзбекстандын Транспорт министрлиги билдирди.

Кеп 2020-жылы коронавирус пандемиясына байланыштуу жабылып калган «Хожейли – Куня-Ургенч» жана «Шават – Дашогуз» көзөмөл-өткөрмө бекеттери жөнүндө болуп жатат. Алар азыр иштеп жаткан «Олот» көзөмөл-өткөрмө бекетин толуктайт.

Көзөмөл-өткөрмө бекеттердин иши санитардык-эпидемиологиялык нормаларды сактоо менен жанданары күтүлүүдө.

Министрлик эки бекеттин бейтарап зоналарында жүк ташуу 25-ноябрда тесттик режимде ишке ашканын билдирди.

Пикир

Оставить комментарий