• 89.01
  • 94.71
  • 0.94

Өзбекстан менен Тажикстан виза чектөөлөрүнөн баш тартууга макулдашууда

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 16.01.18 /Кабар/. Өзбекстан менен Тажикстан виза чектөөлөрүн алуу боюнча макулдашууда. Келишимге Шавкат Мирзиёев Тажикстанга барганда кол коюлат. Бул туурлуу Тажикстандын туризм комитетинин төрагасы Азиз Абдухакимов билдирди.

Анын айтымында, бул эки өлкө жарандарынын кызыкчылыктарына төп келген өтө олуттуу кадам болуп калат.

“Биз эки өлкөдөгү туугандар бири бирине бат-баттан каттап калат деп ишенебиз. Медицина жана туризм өнүгөт, Тажикстан жарандары Самарканд, Бухара жана Хивага барып калышат”, – деди ал.

Мирзиёев Тажикстанга жаз алды менен барары күтүлүүдө.

Буга чейин Шавкат Мирзиёев Ташкент облусунун элдик депутаттары менен жолугушуу учурунда Өзбекстан менен Тажикстан достук мамилелерди кайрадан калыбына келтирерин билдирген. Ал темир жол, энергетикалык тармактарга тиешелүү макулдашууларга кол коюларын билдирген.

2016-жылы Душанбеде эки өлкө ортосундагы авиакаттамдарды калыбына келтирүү боюнча протоколго кол коюлган. Учурда тараптар Самарканд, Бухара жана Душанбе ортосундагы учууларды кеңейтүү мүмкүнчүлүгүн караштырып жатышат.

Булагы: CENTRAL ASIAN

Пикир

Оставить комментарий