• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Өзбекстан менен Тажикстандын ортосунда үч жаңы автобус каттамы ачылды

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 11.09.18. /Кабар/. Өзбекстан менен Тажикстандын ортосунда «Термез —Душанбе», «Денау — Душанбе» жана «Самарканд — Пенжикент» багыты боюнча үч жаңы мамлекеттер аралык автобус каттамы ачылды.

Өзбек маалымат каражаттарынын билдиришинче, «Термез – Душанбе» каттамынын узундугу 251 чакырымды, жолдун узактыгы 5 саат 39 мүнөттү түзөт. Бул багыт боюнча билеттер 70 миң сумдан (9 долларга жакын) сатылат. Өзбекстандын Денау шаары менен Тажикстандын борбору Душанбенин ортосундагы аралык 107 чакырымды түзүп, 40 миң сумдан билет алган жүргүнчүлөр көздөгөн жерине 2 саат 25 мүнөттө жеткирилет. Ал эми «Самарканд — Пенжикент» каттамынын узундугу 64 чакырымды, жолдун узактыгы 1 саат 25 мүнөттү түзөт. Бул багыт боюнча билеттер 20 миң сумдан сатылат.

Өзбекстан менен Тажикстан быйыл майда Ташкент —Хужанд — Ташкент багыты боюнча алгачкы эл аралык автобус каттамын ачкан. Автобустар менен жүргүнчүлөр «Ойбек» (Өзбекстан) жана «Фотехобод» (Тажикстан) өткөрмө-бекеттери аркылуу өткөрүлөт.

Пикир

Оставить комментарий