• 89.12
  • 94.98
  • 0.95

Өзбекстан мигранттар үчүн жаңы поезд жана автобус каттамдарын ачат

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 26.02.18 /Кабар/. Өзбекстан бийлиги Казакстан менен Орусияга иштегени кетип жаткан жарандар үчүн жаңы каттамдарды ачат. Бул тууралуу өлкөнүн ишке орноштуруу жана эмгек мамилелери министринин орун басары Закири Умаров билдирди.

Анын айтымында, бул боюнча президент Шавкат Мирзиёевдин токтом долбоору даяр жана жакынкы убактарда ал кабыл алынышы керек.

Өкмөт тиешелүү мекемелерге жарандардын суроо-талаптарын эске алуу менен февралдын соңуна чейин туруктуу жүргүнчү ташыган автобус каттамдарын уюштуруу боюнча сунуш даярдоо тапшырмасын берди.

«Суроо-талапка ээ багыттар боюнча автобус каттамдарынан тышкары Орусия менен Казакстандын аймактарына темир жол каттамдарын ачып, алардын вагондорун көбөйтүү каралууда. Бул үчүн «Орусия темир жолдору» ишканасы менен сүйлөшүүлөр жүргүзүлүүдө», – деди Умаров.

Ал ушундай эле иштер Өзбекстандын Улуттук авиаташуучулары менен дагы жүргүзүлүп жатканын кошумчалады. Айтымында, президент аларга эл аралык каттамдарга билеттерди төмөнкү баада сатууга уруксат берди. Буга байланыштуу өлкөнүн Каржы министрлигине марттын аягына чейин авиакомпаниялардын салык алынуучу базасын азайтуу механизмдерин киргизүү тапшырылды.

Өзбекстандык эмгек мигранттары каражатты үнөмдөө максатында көбүнчө Казакстан менен Орусияга автобустар менен барышат. Ошол эле маалда жолдо алар отурган автобустар кырсыкка учураган учурлар дагы көп болууда.

Булагы: CENTRAL ASIAN

Пикир

Оставить комментарий