• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Өзбекстан мусулман өлкөлөрдөн туристтерди тартууга басым жасоодо

Коом 0

Бишкек. 02.04.19 /Кабар/. Өзбекстандын өкмөтү аймактагы өлкөлөрдөн мусулман туристтерди тартуу үчүн ар кандай аракеттерди, анын ичинде мусулман өлкөлөр менен визасыз режим түзүү, аэропортто намазканаларды куруу жана диний туризмди алдыга жылдыруу сыяктуу иш-аракеттерди жасоодо. Бул тууралуу Fars агенттиги кабарлады.

Өзбекстандын туризмди өнүктүрүү боюнча комитети өлкөнүн мейманканаларын жана ресторандарын Исламдын негизиндеги мейманканалардын категориясына кошууну пландоодо жана ал боюнча иштерди алып барууда.

Ошондой эле, диний туризмди өнүктүрүү максатында Crescent Rating компаниясы менен сүйлөшүүлөрдү жүргүздү.

Туризмди өнүктүрүү боюнча комитеттин берген маалыматына караганда, Crescent Rating компаниясы менен кызматташуу боюнча меморандумга ушул жылдын февраль айында өлкөнүн Бухара шаарында өткөн ажылык туризм конференциясынын алкагында кол коюлган.

Өзбекстан ошондой эле диний туризмди өнүктүрүү үчүн башка аракеттерди дагы жасоодо. Halal.Uzbekistan.travel деп аталган мейманканалар, ресторандар жана башка Ислам туризмине ылайык келген уюмдар тууралуу маалыматтар камтылган база ишке киргизилген. Тактап айтканда, мусулмандардын саякаты үчүн өлкөдө жагымдуу шарттар түзүлгөн.

Өзбекстанда өткөн жылы ресторандарда “Халал” стандарттарын тажрыйбалоо жана эл аралык аэропорттордо жана темир жол бекеттеринде намазканаларды куруу иштери башталган.

Ал эми 2018-жылдын февраль айынан тартып, Индонезия, Малайзия жана Түркия өлкөлөрүнүн жарандары үчүн виза режими жоюлуп, аларга визасыз Ташкент, Бухара жана Самарканд шаарларын көрүү мүмкүнчүлүгү каралган.

2019-жылдын март айынан бери Ирандын жарандары Өзбекстанга баруу үчүн электрондук виза алуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушту.

Мындан тышкары, үстүбүздөгү жылы чет элдик туристтер үчүн эки айлык мөөнөткө атайын “Pilgrim visa” визасын берүү күчүнө кирген.

Пикир

Оставить комментарий