• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Өзбекстан "Мусулман туризминин глобалдык индексиндеги" көрсөткүчүн жакшыртты

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 16.07.21. /Кабар/. Өзбекстан быйыл "Мусулман туризминин глобалдык индекси" деп аталган эл аралык рейтингде 16-орунга жайгашты. Пандемияга чейин өлкө бул рейтингде 22-орунду ээлеп турган.

Өзбек өкмөтүнө караштуу Дин иштери боюнча комитеттин маалыматына караганда, Өзбекстандын рейтингден жогорулашына негизинен өлкөнүн ислам мурастарын изилдөөгө жана аны эл аралык деңгээлде таанытууга багытталган бир катар долбоорлор себеп болду.

Өзбекстан 2019-жылы Мусулман саякатынын глобалдык индексинде (Global Muslim Travel Index - GMTI) 22чи, 2018-жылы 32-орунга жайгашкан эле.

Рейтингди 2015-жылдан бери Сингапурдагы Crescent агенттиги түзүп келет. Ал дүйнөнүн 130 өлкөсүндөгү мусулман объектилерин 40тан ашык критерий боюнча баалайт.

Пикир

Оставить комментарий