• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Өзбекстан мыйзам бузган чет элдиктердин жазасын жеңилдетет

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 14.10.19. /Кабар/. Өзбекстан чет мамлекеттен келип бул өлкөнүн аймагында мыйзам бузган жарандардын жазасын жеңилдетет.

Өзбек парламентинин жогорку палатасы мыйзам бузган чет өлкөлүктөрдү кылмыш жообуна тартуу тууралуу норманы мыйзамдардан алып салуу жөнүндө сунушту колдоп, кабыл алды.

Ошондой эле 18 жашка чейинки курактагы чет өлкөлүктөр Өзбекстандын башка өлкөнүн жарандарына коюлуучу эреже-талаптарын бузса тартип жазасына тартылбайт деген норма киргени жатат.

Өзбекстандын азыркы мыйзамдары боюнча мыйзам бузган чет өлкөлүктөр үч жылга чейин эркинен ажыратылышы мүмкүн.

Сенат колдогон мыйзам долбоору президент Шавкат Мирзиёев кол койгондон кийин күчүнө кирет.

Пикир

Оставить комментарий