• 89.51
  • 97.5
  • 0.97

Өзбекстан Олий Мажлисинин Сенатынын төрайымы Кыргызстанга расмий иш сапары менен келди

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 21.09.21. /Кабар/. Бүгүн, 21-сентябрда, Өзбекстан Республикасынын Олий Мажлисинин Сенатынын төрайымы Танзила Нарбаева расмий иш сапары менен Бишкек шаарына келди. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, парламенттик делегацияны Жогорку Кеңештин төрагасынын орун басарлары Аида Касымалиева жана Нурбек Сыдыгалиев, ошондой эле Өзбекстан менен кызматташуу боюнча депутаттык достук тобунун жетекчиси Мамасадык Бакиров тосуп алды.

Иш сапарынын алкагында бир катар жогорку деңгээлдеги жолугушууларды өткөрөт.

Мындан тышкары, Танзила Нарбаева кыргыз-өзбек ишкер аялдарынын форумуна катышат.

Пикир

Оставить комментарий