• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Өзбекстан Олий Мажлисинин Сенатынын төрайымы Кыргызстанга расмий сапар менен келет

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 18.06.21. /Кабар/. Кыргызстандын Жогорку Кеңешинин төрагасынын орун басары Аида Касымалиева Өзбекстан Олий Мажлисинин Сенатынын төрайымы Танзила Нарбаева менен жолугушту. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы маалымдайт.

Билдирүүгө ылайык, жолугушуу Ташкент шаарында өткөн “Борбор Азиянын жана Афганистандын туруктуу өнүгүшү үчүн аялдардын экономикалык укуктарын жана мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү” аталышындагы эл аралык бизнес форумдун алкагында уюштурулду.

Тараптар бир катар маселелерди талкуулап, пикир алышты.

Аида Касымалиева Кыргызстан менен Өзбекстандын өз ара байланышы, парламенттер аралык кызматташтык жылдан-жылга жигердүү өнүгүп жатканын белгиледи. Ошондой эле “Борбор Азиянын жана Афганистандын туруктуу өнүгүшү үчүн аялдардын экономикалык укуктарын жана мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү” аталышындагы эл аралык бизнес форумдун жогорку деңгээлде өтүп жатканына токтолгон Аида Касымалиева: “Биз эки өлкөдөгү ишкерчилик менен алектенген аялдардын байланышын бекемдеп, алакасын арттыруу үчүн керектүү шарттарды түзүүгө бардык күчүбүздү жумшашыбыз зарыл”, – деди.

Андан тышкары, Касымалиева Танзила Нарбаеваны быйыл Кыргызстанда өтөөрү мерчемделген “Борбор Азия аялдарынын лигасы” аталышындагы форумга катышып кетүүгө чакырды.

Өз кезегинде Өзбекстан Олий Мажлисинин Сенатынын төрайымы Танзила Нарбаева Кыргызстан менен Өзбекстандын кызматташтыгы достук мамиледе ырааттуу өнүгүп жатканын кошумчалап, ушул жылы Кыргызстанга расмий сапары мерчемделгенин маалымдады.

Муну менен катар Танзила Нарбаева кыргыз тарапты үстүбүздөгү жылдын октябрь айында өтүүчү Өзбекстандын президентин шайлоого байкоочу катары катышып кетүүгө чакырды.

Пикир

Оставить комментарий