• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Өзбекстан Афганистан менен транспорт байланышын калыбына келтирүүгө ниеттенүүдө

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 22.09.21. /Кабар/. Өзбекстан Афганистан менен автоунаа жана темир жол байланышын калыбына келтирет. Бул тууралуу ТАСС агенттиги өзбек президентинин Афганистан боюнча атайын өкүлү Исматулла Иргашевге шилтеме кылып кабарлады.

"Албетте биз Афганистан менен автоунаа жана темир жол байланышын калыбына келтиребиз. Азыр пандемия маалында афганистандыктар азык-түлүк менен дары-дармекке өтө муктаж болуп турат. Бул каражаттар Афганистанга автоунаа жана темир жол менен гана жеткирилүүдө", – деди Иргашев.

Ал ошол эле маалда кезинде Афганистан менен чек ара коронавирус пандемиясына байланыштуу гана жабылганын, мунун башка себептери болбогонун белгиледи.

"Азыр бул чектөөлөр канчага чейин созуларын айтуу кыйын. Ал Афганистандагы санитардык-эпидемиологиялык абалдын жакшырышына гана эмес, андагы бийлик органдарынын калыптанышына да байланыштуу. Министрликтер жана башка органдар түзүлүшү керек. Анткени азыр түзүлгөн өкмөттү талибдер өздөрү убактылуу деп айтып жатышат", – деди Иргашев.

Өзбекстан менен Афганистандын ортосундагы автоунаа жана темир жол байланышы 2020-жылы мартта, Өзбекстанда коронавирус жуктурган алгачкы учур катталганда токтотулган.

Пикир

Оставить комментарий